Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Ооганстандагы демонстрацияда дагы төрт киши тындым болду


Ооганстанда АКШнын Кубадагы Гуантанамо базасында америкалык тергөөчүлөр Куран китептерин мазактаганына байланыштуу демонстрациялар улантылып, бүгүн Бадахшан провинциясында 3000дей киши катышкан акция маалында 3 киши окко учуп өлдү. Ооганстандын ички иштер министри Лотфулла Машал Газни провинциясында демонстранттар бир полициячыны тындым кылганын маалымдады:

- Айрым демонстранттар куралчан экен, алар полицияны көздөй ок ачып, бир кызматкерди өлтүрүштү. Дагы 16 адам жарадар болду.

Буга чейинки 2 күн ичинде дагы жети киши жантаслим болгон. Кечээ Сенатта сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс АКШ ыйык Куранды кордоо фактылары менен эч убакта келише албайт, күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алат деп ишендирген.

XS
SM
MD
LG