Фергана өрөөнүндөгү эң ири өзбек шаарындагы окуялардан улам коңшулаш Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан чек араларында коопсуздук чараларын күчөтүштү. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева кыргыз-өзбек чек арасы жабылып, ал жерди кайтаруу атайын режимге өткөнүн маалымдады. Казакстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мурат Карыбаев Анжыяндагы окуяларга казак жарандары катышпаганын айтты.