Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Темир жолчулар ачкачылык акциясын токтото элек


БИШКЕК. 13-майда темир жол башкармасынын 26-апрелден бери ачкачылык жарыялап олтурган жумушчуларынын дагы бирөө ооруканага жаткырылды. Ал эми өкмөт алардын талабына негиз болгон жагдайларды иликтөө үчүн комиссия түздү. Темир жолчулар башкарма башчысы Нариман Түлеевди кызматтан алып, коррупцияны жоюу аракеттерин көрүүнү талап кылып жатышат. Ал эми 13-майда Нариман Түлеев темир жолдун абалын жакшыртып, айлыкты көтөргөндүгүн жана коррупцияга бөгөт койгондугун маалымат жыйынында билдирди. Андан кийин маалымат жыйын өткөргөн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова менен «Эрайым» уюмунун жетекчиси Рахиля Жусупова темир жолчулардын көйгөйүнө өкмөт көңүл бурбай жатат деп билдиришти. Андан тышкары Нариман Түлеев Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын болчу дешип, марттагы ыңкылаптын алдында ак үйдөгүлөрдүн буйругу менен митингге чыккандарга каршы аракеттерге баруучу адамдарды даярдап бергендигин жарыялашты. Азиза Абдрасулованын айтымында, Нариман Түлеев «ак үй адамдарды бер деп көп жолу кайрылган, бирок мен бир жолу 200, бир жолу 500 адам бергем» деп мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG