Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

А.АКАЕВ: «КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИ ЗАТ МЕНЕН МАШЫККАНДАР БИЙЛИККЕ ЖУЛУНУП ЖАТЫШАТ»


Төрөкул Дооров, Москва Аяктап бараткан жумада орусиялык басылмалар Кыргызстандагы окуяларга тиешелүү макалаларды байма-бай жарыялап турушту. Буга негизинен жеңиш майрамы күндөрү Москвага кыргызстандык делегациянын барышы да себеп болду көрүнөт.

Ушул апта ичи жарык көргөн макалаларда Кыргызстанда өнүгүп жаткан окуяларга өзгөчө орун берилди. Аларда алдыдагы презденттик шайлоого тиешелүү маалымат басымдуулук кылганы байкалат.

Андан сырткары ушул тапта Орусияда жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев да апта бою маалымат мейкиндигинде активдүүлүгүн көрсөткөндөй болду. «Известия» басылмасы Акаевдин жеке макаласын басып чыгарса, «Аргументы и факты» гезити аны менен маекти жарыя кылган.

Дал ушул интервью бир топ талаш-тартыштарды жаратып жатат. Анткени анда Акаев «кыргыз ыңкылабы» менен коштолгон талап-тоноочулук көрүнүштөрү бул окуяларды кылмыш топторунун жана маң заттар менен машыккан башчылар башкарып турганын көрсөттү» деп айткан эле. Буга мисал катарында ал врач-нарколог Жеңишбек Назаралиевди келтирди.

Жалпысынан өлкөнүн мурдагы президенти бул маегинде жана «Известияда» жарык көргөн макаласында «баңги-бизнесинин бийликке атырылып жатышы» тууралуу бир нече жолу кайталады. Анын ишениминде, Кыргызстандын келечектеги тышкы саясаты да коркунуч алдында турат. «Анткени төңкөрүш үчүн чет-жерден алынган жардамды кайтарыш керек болот» дейт ал.

Анан «менин фамилиямды Кыргызстандын биринчи президенти катарында тарыхтан чийип сала алышпайт» деп, Акаевдин аты стабилдүүлүк, либерализм, демократия жана келечекке болгон үмүт менен байланыша тургандыгын» айтып өттү. Ал эми этегинде болсо «Менин абийирим мекендештерим алдында таза» деп, сөзүн жыйынтыктады Аскар Акаев.

9-майда Москвада өткөн жеңиш майрамына Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев башчылыгындагы делегация да катышты.

Бакиев ал күнү «Новые известия» гезитине маек куруп берген. Анда ал Кыргызстандагы орус тилдүү калктын абалы, Орусия менен кош атуулдук мыйзамын кабыл алуу жана Ысыккөлдүн экологиялык акыбалы тууралуу айтты. Өкмөт башчынын пикиринде, кыргыз жериндеги орус тилдүү калк массалык түрдө өлкөдөн кетпеши үчүн курулай убада берүүнү токтотуп, реалдуу түрдө турмушту жакшыртыш керек. «Орус тилдүү калк эки жолу массалык түрдө тарыхый мекенине көчүүгө аракет кылган. Биринчиси 1993-95-жылдарга туура келсе, ал эми экинчиси «кыргыз ыңкылабынан» кийин башталды» деди Курманбек Бакиев.

Ал эми Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын абалын жакшыртып, кыргыз экономикасына орусиялык бизнести тартууга кош атуулдуктун болушу жакшы шарт түзмөк деди ал.

«Новые известия» дагы бир макаласында «Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» Ассоциациясы алдыдагы президенттик шайлоодо эмгек мигранттарынын абалына көңүл бура турган талапкерди колдоорун» жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG