Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын тик учагы айланып учту


14-майда Ош облусунун Карасуу шаарына туташ Өзбекстандын Карасуу айылы менен чектеш Шахрихан сай дарыясында кыргыз-өзбек жарандарын байланыштырган темир көпүрө орнотулду. Мындан эки жыл мурда Өзбек тарап бул көпүрөнү алып салган. Учурда дарыя жээгинде 5 миңден 6 миңге чейин Өзбекстандын атуулдары чогулуп турат, деп билдирди “Хизб-Ут-Тахрир” диний уюумунун активисти Дильер Жумобоев. Анын айтымында, өзбек тарапта чегара жана милиция кызматкерлери жок. Өзбекстандын Коргоо министрлигинин тик учагы Кыргызстандын аймагында айланып учууда:

-Кыргызстандын аймагына Өзбекстандын аскерий тик учагы бир нече ирет учуп кирип, айланып кайра кетти. Дарыяга эл темир көпүрө орнотту. Мына тик учак дагы учуп келатат. Кыргызстандын аймагына учуп кетти. Мен видеотасмага тартып жатам.

Ал эми Кыргызстандын чегара кызматынын басма сөз кызматы кыргыз аймагына эч кандай тик учак учуп кирбегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG