Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Сузак районунун Карадарыя айыл өкмөтү менен Өзбекстандын чектеш жеринде да өзбек атуулдары бар


ЖАЛАЛАБАТ.14-майда Кыргыз-өзбек чегарасынын ортосунда 539 өзбек атуулу кыргыз аймагына качып кирүүгө аракет кылышкан. Облустун Ички ишкер башкармалыгы катоого алганда ал качкындардын 83ү аял, 17си жаш бала, 12си түрмөдөн качкандар экен. Өзбек атуулдарын өздөрүнүн чегарачылары ок атып тосууга аракет кылышканда 7 адам өлүп,18ден ашууну жарадар болгон. Аларга Сузак районунун аймактык ооруканасынын дарыгерлери жеринде жардам көрсөтүп, жараатарын таңышкан. Чегарада турган өзбек атуулдары “Өзбекстанга барбайбыз Кыргызстан бизге саясий баш паанек беришсин же үчүнчү мамлекетке өткөрүп берсин. Биздин адамдык укуктарыбызды коргоо үчүн Бириккен Улуттар уюмуна кайрылабыз” деп билдиришти. Алар Өзбекстанга кайтып барышса өлүм жазасы күтүп тургандыгын айтып кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG