Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кыргыз-өзбек чегарасында кырдаал курч


БИШКЕК. 14-майда Ош облусунун Карасуу шаарына тушташ Өзбекстандын Карасуу айылында 3 миңден ашуун өзбекстандык атуулдар өздөрүнүн чегара бекеттерин ээлеп алып митинг уюштурушуп, Шахрихан сай дарыясындагы кыргыз-өзбек жарандарын байланыштырган темир көпүрө орнотушту. Кыргыз чегара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын билдиргенине караганда, Жалалабад облусунун Ноокен районундагы Бараш айылына чектеш жерде 500дөн ашуун өзбек жарандары кыргыз аймагына качып киришип, кыргыз чегарачылары аларды курчоого алышып, кайра артка кетүүсүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал эми Ноокен районунун акими Советалы Сейиткулов болсо Өзбекстан менен чектешкен баардык чегара постторун кыдырып келгенин, бирок Өзбекстан тараптан бир да адам Ноокен районунун аймагына кирбегенин айтты:

-Мен азыр райондун аймагын жаңы эле кыдырып келдим. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен чогуу көрүп чыктык. Азырынча баардыгы тынч. Эгерде кандайдыр бир окуя болсо райондо түзүлгөн штабга кабарлашат. Буйрук келген экен дайыма даяр туруучу ротаны камдагыла деп. Бардыгы даярдыкта. Андан башка эч бир окуя болгон жок.

Кыргыз чегара кызматынын башчысы Мырзакан Субанов учурда окуя болгон жерде жүрөт. Кырдаал чегара жана тартип коргоо кызматы тарабынан көзөмөлөдөнүп турат деп кошумчалады Кыргыз чегара кызматынын басма сөз катчысы Бөрүбаева.

XS
SM
MD
LG