Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

АКШнын Мамлекеттик катчысы Иракка капылеттен келди


Багдадга күтүүсүз визит менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн Ирактын лидерлери менен кездешти. Ирактык саясатчылар өлкөдөгү тополоңду саясый жараян гана алмаштыра алаарын элге далилдеш керек деди Райс айым, Багдаддагы АКШ элчилинде өткөн жолугушууда. Ал 2003-жылдын мартында АКШнын Иракка согуш ачуусуна жана 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттардын шаарларына болгон террордук чабуулдарга токтолуп мындай деди:

-Биз Жакынкы Чыгыштын турмушун өзгөртүүнү каалаган калкы менен иштөө мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз шарт. Жакынкы Чыгышта эркиндик жок, эркиндик тартыш. Анын кесепетинен жек көрүүчүлүк идеологиясы жаралып, адамдар сентябрдын керемет күнү имараттарды учактар менен сүздүрүп-кыйратышты.

Кондолиза Райс айым бүгүн эле Багдаддан 350 чакырым түндүктөгү Эрбил шаарына учуп барып, күрт лидери Массуд Барзани менен жолугушту.
Райс Ирактын өкмөт башчысы Ибрагим Жафари, президент Жалал Талабни, жаңы дайындалган коргоо жана ички иштер министрлери менен да жолукмакчы.

Ирак бийликтери Багдаддын Садр шаары деп аталган бөлүгүндө атып өлтүрүлгөн 13 адамдын жасаты табылганын маалымдашты. Садр шаарында көбүн эсе шииттер жашайт.Батыштагы Рамади шаарында ирактык 10 аскердин сөөгү табылганын Коргоо министрлиги билдирди.

XS
SM
MD
LG