Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Президент И. Каримов Анжияндагы тополоңдун уюштуруучуларын тапты


Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган акыркы эки күндөгү кандуу тирешүүдөн кийин Өзбекстандын Анжиян шаарында жагдай салыштырмалуу тынч. “Азаттыктын” кабарчысы Садриддин Ашуров эрте менен билдиргенге караганда, шаардын башмайданы азыр коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлү астында.

Жума күнкү калабада аскерлер канча адамдын өмүрүнө зобун келтиргени жөнүндө так маалымат жок. Бирок, күбөлөр менен укук коргоочу уюмдар кеминде 300 адам өлтүрүлгөнүн айтышууда. Ырасмий бийликтер 30 адам өлдү деп ырастоодо.

Ишемби күнү президент Ислам Каримов Анжияндагы куралдуу көтөрүлүштү тыйуу салынган “Хизб-ут Тахир” партиясы менен санаалаш согушчандар уюштурду деп түшүндүргөн. Өзбек бийликтери өлкөдө буга дейре болгон куралдуу калабалар үчүн жоопкерчиликти исламчыл топторго жүктөгөн.
Каримов Анжиян окуясы тууралуу мындай деди:

- Анжияндагы окуялар кокусунан боло калган жок. Бизде бүгүн Анжиянда болгон демонстрацияларды даярдоого кеминде үч айдан- алты айга чейин убакыт кеткенин тастыктаган маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG