Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!


17-майдан 22 майга чейин өлкө боюнча күндүн көзү бузулушу ыктымал. Нөшөрлөп жамгыр жаайт. 18-19-майда республиканын айрым облустарында катуу жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерде сел жүрөт. Жалалабат, Баткен, Ош аймактарынын дарыяларында суулардын агымы көбөйүп, ташкындоосу күтүлүүдө деп билдирет кыргызстандын синоптиктери.

17-майда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15 градус
Талас, Ысыккөл аймактарында түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +8...+13 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус жылуу.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +13...+15 градус.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG