БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин 16-майдагы жардыгы менен «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов биринчи вице-премьер-минстр болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” билдирди. Мындай маалыматты Президенттик администрациянын маалымат кызматы да тастыктады. Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов өткөн апта соңунда президенттик шайлоо тууралуу өз ара макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык Феликс Кулов президенттик шайлоого катышпайт. Ал эми шайлоодо Курманбек Бакиев жеңишке жетише турган болсо, Кулов өкмөт башчы болуп дайындалат.