Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Кыргыз парламенти Анжиян маселесин талкуулайт


БИШКЕК. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Анжиян окуясын Кыргызстан менен байланыштырганы негизсиз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Давран Сабиров парламенттин 16-майдагы отурумунда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан окуясы элдин саясий, социалдык-экономикалык абалынын начардыгынан келип чыгууда. Өзбекстандын президенти Анжиян окуясына катышкан куралчандар Кыргызстандын түштүгүндө жана Фергана өрөөнүндө даярдалгандыгын, жарадар болгондордун арасында кыргыз улутундагы жаран бар экенин белгилеген. Анжиян окуясына байланыштуу Кыргызстандагы кырдаалды Кыргыз парламенти 17-майда талкууламай болду.

XS
SM
MD
LG