Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Анжиян козголоңунун катышуучуларынын бир тобу учурда Жалалабат облусунунун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында турушат. Алардын Өзбекстанда ок тийген жети өкүлү жана суук тийген үч бала Сузак райондук ооруканасында дарыланууда.

Соода-сатык иши менен Анжиян шаарына бара калганда колуна ок тийген оштук Махамад Мавлянов да өзбекстандыктар убактылуу турган Карадарыя айыл өкмөтүнөн Сузак райондук ооруканасына жеткирилген:

- Менин колума ок тийген. Бул жерде Кызыл чырым уюму бизге жардам көрсөтүп жатат. - деди Махамад Мавлянов.

Кокондон Анжиянга мейманчылап барган Рахманов Абдулла жарадар бутутун оорусуна чыдай албай, араң сүйлөдү:

- Жума күнү Өзбекстандын акимиатынын жанынан бутума ок тийди. Бул жерге алып келишип, жардам кылып жатышат. Азыр жакшы болуп калдым.

Бутуна ок тийген соодагер Инамжан эми Өзбекстанга кайра барбай тургандыгын билдирди:

- Анжияндан бул жерге келдим. Азыр абалым жакшы. Кайра Анжиянга кайтып барбайм.

Набижан Юнусов Өзбекстандын Жалалкудук районуна караштуу Тешикташ айлындагы буктурмада жарадар болгон. Ал митингчилердин арасынан кыргыз атуулдарынын көрбөгөнүн жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сыналгы аркылуу жалган сүйлөп жаткандыгын айтты:

- Телекөрсөтүүдон Каримов жалган сүйлөп жатат. Биздин арабызда экстремисттер, түрмөдөн чыккандар болгон эмес. Ал жерге карыялар, аялдар, балдар чыкты. Ошол жерден ок атышты, менин артыма ок тийип, тешип чыкты. Аялдар үстүмөн тосуп жыгылышты.

Ооруканада жаткан 10 адамдын жетөөсү травматология бөлүмүндө. Бөлүм башчы Досумбек Койчукуловдун сөзүнө караганда эл аралык уюмдардын жардамы азырынча таасирлүү эмес:

- Өзбекстандын алты, Кыргызстандын бир жараны буттарына ок жеп, биздин травмотология бөлүмүндө дарыланып жатышат. Булар 14-майда саат тогузда алып келинген. Бүгүнкү күндө аларга медициналык жардам берип атабыз, акыбалдары жакшы. Экөө бир аз оорураак, калган бешөөнүн жараты бир аз жеңилирээк. Бүгүн өтө аз өлчөмдө гуманитардык жардам келди. Негизи оорукананын эсебинен дарылап жатабыз.

Эл аралык Кызыл ай коомунун качкындарга көрсөткөн жардамы тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Кадырбек Эргешов буларды билдирди:

- Эл аралык Кызыл ай коому булар келгенде эле, ошол жердеги качкындар менен учурашып, эмне жардам керек экенин билип келишти. Таңуу материалдары, дары-дармек жана жууркан-төшөктөр менен камсыз кылышты.

XS
SM
MD
LG