Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Швейцария Өзбекстанга жардамын кыскартышы мүмкүн


Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Анжияндагы окуяларга байланыштуу өнүктүрүү жардамы кайра каралат деп кабарлады. Томас Йеничтин сөзү боюнча, бул чечим Анжиянда "куралсыз адамдарга каршы коопсуздук күчтөрүнүн аёосуз күч колдонушунан" кийин кабыл алынды. Швецариянын өкмөтү быйыл Өзбекстанда өнүктүрүү долбоорлоруна дээрлик 10 миллион доллар бөлмөк.

Швейцария Эл аралык валюта корунда жана Дүйнөлүк банкта Өзбекстандын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган. Бул жаатта кандай өзгөрүү болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG