Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

КАРЛОС ЗАКАГНИНИ: “КАЧКЫНДАР КАМКОРДУККА АЛЫНАТ”


Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Карлос Закагнини Жалалабат облусунун Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында убактылуу турушкан өзбекстандык жарандардын ал-акыбалынан кабар алып, миссия кайрымдуулук жардамын көрсөттү. Жалалабаттагы кабарчыбыз аны сөзгө тартып, кыскача маек уюштурду.

- Карлос мырза, өзбекстандык качкындардын тагдыры кандайча чечилүүдө?

- Өзбекстандык 540 адам Кыргызстандын аймагында тургандыгы жөнүндө маалымат алдык. Кечээ Тышкы иштер министрлигинин миграция департаменти аларды баш калка издеген адамдар катары каттады. Бул кишилерге 1951-жылы качкындар тууралу кабыл алынган эл аралык конвенцияга ылайык керектүү жардам көрсөтүлөт. Аларга камкордук көрүү үчүн БУУнун качкындар комиссариаты Кыргызстанга толук жардам берет.

- Өзбекстандык жарандарга сиз жетектеген миссия кандай жардам көрсөттү?

- Биз аларды жылуу кабыл алуу менен 24 саат ичинде жайгаштырып, коргоп, чатыр тигип, тамак-аш берген кыргыз өкмөтүнө терең ыраазылыгыбызды билдиребиз. Кечээ биз Оштогу кампабызда болгон жылуу төшөнчү, суу сактоочу пластикалык идиштерди жана самын, кийим-кечек, идиш-аяктар менен аялдардын гигиеналык буюмдарын жеткирдик.

- Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жыйындарда айткандай сиз сүйлөшкөндө алардын экстремисттик «Хизбут-ут-тахрир», же «Акрамий» диний уюмдарына тиешелүү экени байкалдыбы?

- Биз баарлашкан өзбекстандыктар өз президенти жана шаар башчысы менен проблемаларын чечүү жөнүндө сүйлөшүүгө тынч митингге чыккандыгын айтышты. Кандайдыр бир экстремисттик уюмдарга катыштыгы бар экенин алар жокко чыгарышты.


- Алардын саясий баш калка сураган талабы кандай чечилет деп ойлойсуз?

- Бул маселенин чечилиши Кыргыз өкмөтүнүн кароосуна ылайык болот.

- Өзбекстандык жарандарга качкын статусун берүү тууралуу кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнө кандай сунушуңуз бар?

- Өзбекстандыктарды кабыл алып, эл аралык талаптарды сыйлаган кыргыз өкмөтүнө терең ыраазыбыз. Башкы комиссариат качкындардын муктаждыгы үчүн кыргыз өкмөтүнө гуманитардык жана каржылык жардам көрсөтөбүз. Маселени саясий жактан чечүү биздин милдетибизге кирбейт, маселе ишке тиешеси бар өлкөлөрдүн чечимине жараша болот.

- Маегиңизге рахмат!

Сүрөттө: Карадарыядагы качкындар лагериндеги өзбек кызы
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG