Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

БЕСЛАН ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ИШИ БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва 17-майда Түндүк Осетияда Беслан окуялары боюнча айыпталып жаткан Нурпаша Кулаевдин ишин сотто кароо башталды. Кулаев Беслан шаарындагы мектепте болгон 32 барымтачынын ичинде тирүүлөй колго түшүрүлгөн жалгыз адам. Ага кандай айып тагылат – азырынча белгисиз. Сот жараянынын биринчи күнү эле имараттын жанында Кулаевге өлүм жазасын талап кылгандардын митинги өттү.

Бесландагы мектепте 1120 адам барымтада кармалып, кийин 330 адам мерт болгон. Мугалимдер жана окуучулар барымтадан бошонгондон бир нече саат өткөндөн кийин сыналгы каналдары барымтачылардын бири колго түшкөнүн кабарлашты. Бул 24 жаштагы чечен Нурпаша Кулаев болучу. 32 барымтачынын ичинен жалгыз гана Кулаев тирүү колго түшүрүлгөн.

Ал мектепти басып алуу буйругун Аслан Масхадов берген деп айткан, бирок ал тапта Масхадовдун адамдарды Кулаевдин сөздөрүн четке кагышкан эле. Орусиялык атайын кызматтар буйрукту чечен жикчилеринин эркиндикте жүргөн башчысы Шамил Басаев берген болушу мүмкүн дешет.

Кантсе да, Беслан окуясы боюнча сот иши башталды. Кулаев «терроризм», «барымтага алуу» жана башка айыптарды кошкондо, Кылмыш кодексинин сегиз беренеси боюнча айыпталууда.

Сот иши башталаарга чейин «юридикалык чатак» болгону айтылууда. Көрсө, Нурпаша Кулаевдин кызыкчылыгын коргоого бир да адвокат макул болбой коюптур. Анда сот өзү адвокатты дайындоого муктаж болгон. Анын үстүнө, соттун имараты алдында айыпталуучуга эң катаал өкүм чыгарууну - өлүм жазасын – талап кылган митинг өттү. Анын катышуучулары - Беслан окуяларында жакындарынан айрылгандар. Алардын бири мындайча оюн айтты.

- Менин баламды булар кандай өлтүргөн болсо, эми аны да адамдардын көзүнчө ошентип өлтүрүшсүн. Ошондо биз ал эми жок экенине ишенебиз, - дейт Беслан окуяларында өз уулунан айрылган эне.

Сот ишинин биринчи күнүндө мамлекеттик айыптоочу «Нурпаша Кулаев мектепти басып алууну самаган кылмыш тобуна кирген жана өзүнө бөлүнгөн милдетти аткарган» деген айыбын айтты.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын Түштүк Федералдык окуругу боюнча бөлүмүнүн башчысы Николай Хазиков Беслан окуясына катышкан баардык жикчилерди «жакшы даярдыктан өткөн жанкечтилер» деп атап, буга мектепти басып алуу планы узак убакыт бою жакшы даярдалганын, жана куралчандар кайра тирүү келбегидей жасалганын айтты.

Талдоочулар болсо Нурпаша Кулаев тагылган айып боюнча өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн экенин айтып жатышат. Анткени Орусияда өлүм жазасын чектеген мораторий кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG