Бул топтун “Ал-Каида” менен эч кандай байланышы жок, деп маалымдашты Ооганстандын бийликтери. Эл аралык гуманитардык уюмдардын биринде иштеген Клементина Кантонини дүйшөмбү күнү Кабулда белгисиз бирөөлөр барымтага кармап кетишкен эле. Аталган топтун өкүлдөрү бийликтерден түрмөдө жаткан өз башчысын бошотууну талап кылып жатышат. Бүгүн Кабулда массалык демонстрация болуп, ага катышкандар Кантонини барымтачылардан бошотуп алууну бийликтерден талап кылды.