Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Европарламенттин делегациясы Бишкекте


БИШКЕК. 17-майда Кыргызстанга Европа парламентинин делегациясы келди. Европадагы демократтар менен либералдардын Альянсынын депутаттык тобун Оно Юкневичиене жетектеп жүрөт. Делегация менен 17-майда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жолугушту. Отунбаева менен жолугушууда Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, региондогу коопсуздук жана Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланды. Европарламенттин делегациясы Кыргызстандын КМШ, анын ичинде Өзбекстан менен мамилесине жана президенттик шайлоого даярдыкка кызыкты. Делегация 18-майда Ош шаарына барып, өлкөнүн түштүк аймагындагы кырдаалдан кабар алып, ал жердеги бейөкмөт уюмдардын жана майда улуттардын өкүлдөрү менен пикир алышат.

XS
SM
MD
LG