Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

'NEWSWEEK' ЖУРНАЛЫ КУРАНДЫ МАЗАКТАГАНДЫК ТУУРАЛУУ МАКАЛАСЫН ТӨГҮНГӨ ЧЫГАРДЫ


«Нюсуик» журналы «америкалык тергөөчүлөр Куба аралындагы Гуантанамо жергесинде жайгашкан АКШнын аскер базасындагы террорчу катары шектелгендер кармалган абакта Куранга шек келтирди» деп жазылган макаласындагы маалыматтарды кайра өзү төгүнгө чыгарды. Бул макаланын айынан бир катар мусулмандык мамлекеттерде АКШга каршы демонстрациялар болгон. Маселен, Ооганстанда ушундай жыйындар кагылышууга айланып, бери дегенде 15 киши өлгөн. Макала май айынын башында жарык көргөн эле...

«Нюсуик» ("Newsweek") журналы 9-майда жарык көргөн макаладагы маалыматтар чындыкка жатпастыгын дүйшөмбүдө расмий жарыялады. Макалада исламчы террорчу деп шектелген абактагы киши өзүн оңтойсуз сезиши үчүн Курандын нускалары дааратканага коюлган жана ал түгүл бир жолу бул ыйык китептин бир нускасы унитазга агыздырылган деп айтылган.

Бул макала чыккан соң, Ооганстанда, Пакистанда жана башка бир катар мамлекеттерде кыжыры кайнаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү Америкага каршы нааразылык жыйындар өткөрүштү.

«Нюсуик» журналынын редактору Марк Уитакер (Mark Whitaker) Куранды мазактагандык тууралуу маалымат америкалык тергөөчүлөр тарабынан тастыкталбагандыгын моюнга алып, бул макаланы исламчы экстремисттер өз мүдөөсү үчүн пайдаланганын белгиледи. Ал жазыксыз жерден жабыр тарткандардан жана алардын жакындарынан дүйшөмбү күнү (16-майда) кечирим сурады:

- Биз мындай деп айтаар элек – азыр биз абдан бушайман болуп турабыз. Ушул аптада чыккан редактордук баш макаламда мен өзүмдүн терең кайгырганымды билдирдим. Бардык кишилердин алдында, зомбулуктун курмандыгы болгондордун, өтө опурталдуу кырдаалга тушуккан АКШнын бардык аскер кызматкерлеринин алдында өз өкүнүчүмдү билдирем. Дал ушул жагдай үчүн биз өзүбүздү абдан оңтойсуз сезип турабыз.

АКШнын Ак Үйү калпыс маалыматка негизделген макаланын жарыялангандыгы үчүн журнал редакциясын кескин сынга алды. АКШнын Коргоо катчысы Доналд Рамсфелд (Donald Rumsfeld) да дүйшөмбү күнү кечинде бул журналды сынга алып, макаланын айынан далай киши бейкүнөө мерт болгонун эскертти:

- Кишилер өз өмүрүнөн бейкүнөө ажырады, алар эми бул дүйнөдө жок. Бул өтө мүшкүл иш болду. Деги, кишилер, эмне иш жасоо тууралуу алдын ала ойлоо керектиги сыяктуу эле, эмне сөз айтуу керектигин да этиеттик менен ойлоп алуусу абзел.

Шейшембиде «Вашингтон пост» гезити жарыялаган макалада, Кошмо Штаттардын коргоо министрлиги – Пентагон – тээ 2003-жылдын 19-январында эле атайын колдонмо жарыялап, АКШнын аскер кызматкерлери Куранды астейдил тутуп, жарамсыз жана ыплас катары саналган жайлардан оолак кармоосу керектигин эскерткени айтылат.

Жаңы Зеландияда иш сапары менен жүргөн Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Касвири «Нюсуиктин» өз макаласын төгүндөгөнү мусулман жамааттарындагы нааразылык толкунун басууга кызмат кылчу кадам болгонун айтып, бирок журналдын макаласы буга чейин бир кыйла кесепетин тийгизүүгө үлгүргөнүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG