Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Жогорку сот имаратын ээлегендер талабынан кайта элек


БИШКЕК. 18-майда Жогорку сот имаратын ээлеп отурушкан 6 округдун шайлоочуларынын ичинен 8 аялдын денсоолугу начарлады. Шаардык ооруканадан 3 дарыгер келип, ачкачылык жарыяласаңар медициналык жардам көрсөтөбүз. Ал эми силерге жардам көрсөтө албайбыз, өз каражатыңарга дарылангыла деп кетип калышты. Бул тууралуу пикетчилердин бири Анара Даулеталиева билдирди. Анын айтымында, абалы начар адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнү өтүнүшүп Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиевге кайрылышкан. Аалиев жардам көрсөтүүгө убада берген.

Пикетчилер эгерде Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов жана анын орун басарлары кызматтан кетишпесе жол тосуу, Акүйдүн алдына пикет уюштуруу жана башка ар кандай нааразылык иш чараларын колдонудан кайра тартпай тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG