Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Өзбекстандык качкындар Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууда өзбекстандык качкындар 14-майда чегарадан өтөөрдө жакшы кабыл алышкан кыргыз чегарачыларына ыраазылык билдиришти. Арасында жарадарлар, өспүрүмдөр, аялдар, карыялар болгон качкындар чегарага жакын жерде жугуштуу оорулар жайылуу коркунучу бар экендигин жана жашоого жетиштүү шарт жок экендигин эске салышып, батыраак Кыргызстандын ич жагына көчүрүү менен саясий качкын статусун жана чарбалык шарттарды түзүп берүүсүн өтүнүштү. Алар Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого жана толук сактоого убада беришип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошоорун маалымдашып, маселе тез арада чечилерине үмүттөнөөрүн билдиришкен. Кайрылууга өзбекстандын 540 жаранынын атынан качкындар комитетинин алты мүчөсү кол койгон.

XS
SM
MD
LG