Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:56

Кыргыз-өзбек чегарасы көзөмөлдө


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чекарасындагы кырдаал өлкөнүн чекара кызматынын толук көзөмөлүндө. Учурда ал жерде чекара кызматкерлери тарабынан оперативдүү чаралар көрүлүүдө. Чекара кызматынан билдиришкендей, 17-май күнү Ош облусундагы Карасуу районундагы кыргыз-өзбек чекара пунктунда Өзбекстандын Ильичевск шаарынын тургуну Дильмурад Тажибаев Өзбекстандын бир нече атуулдарынын коштоосунда Кыргызстандын аймагына өтүп, тартип коргоо органдарынын жана чекара кызматынын кызматкерлери менен жаңжал уюштурду. Ал кыргыз чегарачылары өзбек атуулдарын чегара бекетинен өткөрүүдө документтерин негизсиз текшерүүдө деген нааразылыгын билдирип, өзбек атуулдары эч кандай текшерүүсүз чегараны кезиши керек деген талапты койгон. 17-майда ошондой эле кыргыз чегарачылары тарабынан Жалалабад облусунун Сузак районундагы чегара бекетинен мыйзамсыз өткөндүгү үчүн Өзбекстандын 15 атуулу кайра өз мамлекетинин аймагына өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG