Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

НАТОнун Баш катчысынын өкүлү Кыргызстанда


БИШКЕК. Кыргызстан Өзбекстандын атуулдарына чегарада жардам көрсөтүп жатканын колдойбуз. Ошондой эле НАТО Кыргызстанда алдыда болуучу президенттик шайлоонун тынч жагдайда өтүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу Кавказ жана Борборазия аймагы боюнча НАТОнун Баш катчысынын атайын өкүлү Роберт Симмонс Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал Кыргызстандагы ыңкылаптын чыгыш себептерин парламенттик шайлоонун аткаруу бийлиги тарабынан будамайланып өткөнү менен байланыштырды. Ошондой эле Өзбекстандагы окуяны Кыргызстан менен салыштырууга болбойт, деген пикирин билдирди. Симмонс Кыргызстандагы иш сапары тууралуу буларга токтолду:

-Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү багытындагы мен тараптан аткарылуучу иштер абдан жемиштүү болду. Абдан пайдалуу жолугушуулар болду.

Ал Борбор Азиянын бейпилдигин сактоодо Ганси атындагы авиабазанын салымы зор болоорун билдирди. НАТОнун өкүлү ушул эле күнү Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков менен жолугушуп өлкөдөгү табигый кырсыктардын абалы жана кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал тууралуу сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG