Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН АРАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН 38 ЖАРАНЫ БАР


Султан Каназаров, Сузак Сузак районунда убактылуу кармалып турган өзбек качкындарынын арасында 38 кыргыз жараны бар экени айтылууда. Азыр алардын жарандык макамы такталып жатат. Алар13-май күнү ар түркүн себептер менен Өзбекстандын Анжиян шаарына барып калганын айтышууда.

Качкындарды фильтрациялоо лагеринде азыр 540 адам жашап жатат. Кыргызстандын жаранымын деген 38 адамдын көбүнүн 14-майда Кыргызстанга кирип келгенде документтери жок болгон. Азыр укук коргоо органдары аларды изилдөөдө. Лагердеги кыргыз жарандары Анжиян шаарына ар кандай себептер менен барып калышкан. Кандай себеп болбогондо да алар 14-май күнү Анжияндын борбор аянтындагы митингге каташышкан, анан өзбек куралдуу күчтөрүнүн ок атуусуна дуушар болгондо эл менен бирге кыргыз чегарасын көздөй умтулушкан.

Тахир аттуу жигит ошол күнү Анжиянга достору менен палоо жегени сейилдеп барганына мындайча токтолот:

- Мен достор менен Анжиянга кыдырып барып, палоо жегени чыккан элек. Анжияндагы митингге туш болуп калдык. Ошол жерден адамдарды атып баштады. Ал жерден качып, ким кайда барышын билбеди, акыры баш калкалап чыгып кетсек болот экен деп адамдар бир тарапка качтык.

Өзбек президенти Ислам Каримов Анжиян окуясы Кыргызстандагы козголоңчулары тарабынан даярдалган деген айыптоолоруна макул болбогон качкындар лагериндеги кыргыз жарандары өз ойлорун төмөндөгүдөй билдирди:

- Атым Тахиржан. Бүт дүйнөгө ачык айтылсын деген максатта, бизди террористтерге кошуп айыптап коюптур. Бул жерде болгон балдардын баары менен танышып сүйлөшүп атабыз. Каримов өтө диктатор деп адам экен.

Ошол 14-май күнү Анжиянга мейманчылап барганына бушайман болгон Атабек мындан ары Каримовду урматтабастыгын айтты:

- Өзүм Кыргызстандын атуулу боломун. Телевизордон Каримовдун берген интервьюсунда бүт жалган сөздөрдү айтылды.

Митингге катышкан кыргыз жарандарынын айтымында, нааразылык акциясы өтүп жатканда гражданча кийинген милиция кызматкерлери болгон. Аларды таанып калган жергиликтүү калк ок атыла баштагандан кийин милиция кызматкерлерин барымтага алышып жана куралдуу күчтөрдөн коргонуп, калкан сыңарында жамынышкан. Алардын пикиринде, өзбек өкмөтү өз жарандарына ок атса да, милиция кызматкерлерине ок атпайт деген ишеничтери болгон:

- Милицияларды кармап коргонуп алдык. Биз ойлодук бизге ок атса да, милицияларга ок атпас деп.

Бирок биринчилерден болуп ок астында калгандар так ошол милиция кызматкерлери болгон.

Лагердеги кыргызстандыктардын баамында азыр качкындарды кабыл алгандыгы үчүн Кыргызстан күнөлүү болуп жатат. Алар бул пикир менен макул эместигин белгилешти:

- Азыр Кыргызстан күнөөлү деп атышат. Элин атып жатса кошуна Кыргызстанга качат да.

Өз ойун өтө жөнөкөй түшүндүргөн Касым эгер үй-бүлөнүн атасы балдарын уруп-токмоктосо алар кошунаныкына кирип качууга мажбур болот деди. Маегибиздин аягында оштук жигит Юлдаш өлкөсүн таштап кеткен, бирок өз элине ок атууга жол бербеген Аскар Акаев эң туура кылды дейт:

- Бизде Кыргызстанда Акаев өлкөнү таштап чыгып кетти, өзүмдүн калкыма ок атпаймын деп. Ал эң туура кылды. Ал эми Анжиянда президент жөнөкөй адамдардын баарысын кырды.
Биз Анжиянда да ушундай болот деген ой менен көңүл ток турган жерден тынч митингге каршы ок атылды.


Бүгүн качкындар лагерине кошулабыз деп келген он беш өзбекстандык атуулдар кыргыз чегарачылары тарабынан артка кайтарылды. Ал эми качкындар лагериндеги кыргыз жарандары тез арада алардын Кыргызстанга тиешеси текшерилсе үйлөрүнө кайтып кетүүнү күтүп жаткандыгын айтышты. Качкындар лагеринин сыртында алардын туугандары күтүп турат.

Сүроттө: Карадарыядагы качкындар турган жер

XS
SM
MD
LG