Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Талас облустук сотунун алдында нааразылык акция өттү


ТАЛАС. Нааразылык акциясына чыгышкан элүү чамалаш адам мурдагы милиционерлер Руслан Бекешов менен Байжигит Жумабаевди сегиз жылга эркинен ажыраткан облустук соттун чечимине нааразычылык билдирип турушту. Бул эки милиционер Талас шаарынын тургуну Калбү Айылчиеваны үйүнөн спирт сатып жатканда мыйзамсыз аракеттер менен кармашкан деген айып коюлуп, эркинен ажыратылган. Нааразычылыкка чыгышкан адамдар Таластагы спирт мафиясынын калканчы облустук прокуратура экендигин, соттордо калыстык болбой жаткандыгы тууралуу жазылган ондогон плакаттарды көтөрүп турушту. Алардын айрымдарын соттун имаратынын ичине илип да коюшту. Судьялардын бирөө да иш ордунда жок болгондуктан нааразы болгондордун айрымдары облустук прокуратурага келишип, аларды прокурор Анарбек Калматов кабыл алып, абалды түшүндүрдү. Нааразы болгондордун бирөөсүн прокуратуранын бир кызматкери элден качып баратып автомашина менен койдуруп кетип, ал тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилди.

XS
SM
MD
LG