Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Курманбек Бакиев 21-майда тил сынагынан өтөт


БИШКЕК. Президенттикке талапкер, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев президенттикке талапкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча түзүлгөн тил комиссиясынын текшерүүсүнөн 21-майда өтөт. Ал эми президенттикке талапкерлер Жусупбек Шарипов жана Баяман Эркинбаев тил комиссия сынагына 28-майда барышат. Бул тууралуу БШК нын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин тил сынагынан президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев, Жеңишбек Назаралиев жана Акбараалы Айтикеевдер өтүшкөн. Тил комиссия мүчөлөрү Жыпар Жекшеев менен Акбаралы Айтикеев кыргыз тилин билет деген бүтүмгө келишкен. Ал эми Жеңишбек Назаралиев мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын сынагынан кайрадан өтмөк болгон.

XS
SM
MD
LG