Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Иран атомдук программадан баш тартпасын кайра тастыктады


Иран ядролук программасынын айрым багыттарын кайра улантуу чечиминен баш тартпайт. Ирандын ядролук сүйлөшүүдөгү мартабалуу өкүлү Хусейн Мусавияндын сөзүнчө, маселеге Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши көңүл бурган чакта да, Иран программаны токтотпойт. Программа боюнча Иран, Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлеринин келереки аптага мерчемделген сүйлөшүүсү, Мусавяндын айтымында, болбой калышы ыктымал. Бирок президент Хатами 24-майдагы сүйлөшүү болот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG