Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

ОРУСИЯЛЫК ФУТБОЛЧУЛАР UEFA КУБОГУН УТУП АЛЫШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва. Орусиялык ЦСКА футболдук клубу шаршембинин кечинде Португалиянын «Спортинг» футбол командасы менен мелдешип, 3:1 эсебинде жеңишти колго алды. Ошентип, Орусиялык футболдук команда алгачкы ирет УЕФА кубогун утту. ЦСКАнын жеңишин Орусия салтанаттуу белгилеп жатат.

Эсеп: 3:1. Орусиялык ЦСКА португалиялык «Спортингди» жеңди. Тарыхта алгачкы ирет орусиялык футболчулар УЕФАны, жогорку деңгээлдеги байгени багындыра алышты.

«Армиялыктардын Борбордук Спорттук Клубу». ЦСКА ушинтип жөндөлөт. Футболдук команданын капитаны Сергей Игнашевич мелдештин биринчи бөлүгүндө эле жеңишке жетишээрин түшүнгөнүн айтат:

- Биринчи тайм аяктап жатканда эле португалиялыктар ошол эсепти сактап калганга катуу аракет көрө баштады. Ошондо биз жеңе турганыбызды түшүндүм. Кийинки бөлүктө дагы бир голду урганыбыздан кийин, биз утулбайбыз деп ишене баштадым.

Москвада болсо түнү бою ЦСКАнын күйөрмандары өз командасынын жеңишин белгилеп жатышты. Кафелерде бош орун калган жок. Оюндан кийин миңге жакын адам Пушкин атындагы аянтка чогулуп, Тверская көчөсү аркылуу борбордук аянтка чейин жөө жүрүү уюштуруп, көчөдө транспорт каттамдарын токтотуп коюшту.

Кантсе да, ири тартип бузуулар катталбаганы айтылууда. Бул учурда канчалаган бири-бирин тааныбаган футбол күйөрмандары сүйүнүчүн жашыра албай жатышты:

- Мен Дагестандан келгем. ЦСКАнын оюуну үчүн бүгүн өтө толкунданып жаткам. Биздин жигиттер биринчи голду киргизгенге чейин калтырап, кийин ар бир гол учурунда Кудайдан «Дагы бир гол бере көр!» деп тиледим. Бирок 3:1 болгондон кийин «Кудай, жетишет, эми ушул деңгээлди сактай көр!» деп сыйына баштадым. Ошентип, биз аны сактай алдык, жеңишти колго алдык, - дейт дагестандык күйөрман кыз.

Мелдеш Португалияда өткөн. Бейшемби күнү эрте менен ЦСКАнын футболдук командасы Москвага келди. Алардын учагы жерге конушу менен Шереметьево аэропортунан салтанаттуу азем менен тосуп алышты. Сүйүнүчкө толо күйөрмандар команданын машыктыруучусу Валерий Газзаевди көтөрүп, машинеге алып барып олтургузушту:

- Биздин өлкөнүн ушундай командасы, күйөрмандары бар экенине өтө сыймыктанам. Биздин жеңиш – орус футболунун чоң жетишкендиги деп билем. Мен биздин күйөрмандарды, футболчулар үчүн иштеген баардык адистерди жана футбол сүйүүчүлөрүн бул майрам менен куттуктайм. Бүгүн бизди өтө чоң салтанат менен тосуп алышты. Мына ушундай мүнөттөр үчүн жашоого болот, - дейт команданын машыктыруучусу Валерий Газзаев.

Орусиялык футболчулардын жеңиши саясий чөйрөнү да кайдыгер калтырган жок. Керек болсо, орус парламентинин мыйзам чыгаруучуларынын төрагасы Борис Грызлов бул күндү календарга кызыл боек менен киргизүүгө да каршы эместигин билдирди:

- Менимче, бүтүн эл бул жеңишти орус футболунун күнү катарында кабыл алды. 18-май чынында эле майрам күнү болуп калышы да мүмкүн. Бул – улуу жеңиш. ЦСКАнын азаматтары биз үчүн алып келген жеңишти биз көпкө эстен чыгарбайбыз, анткени ал орус футболунун абройун көтөрдү. Жаш балдар эми спортко кызыгып, аларда өздөрүнүн кумирлери пайда болот. Футболго кызыгуу эми өсүшү гана мүмкүн.
XS
SM
MD
LG