Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

АКШнын элчилиги ыраазы


БИШКЕК. Өзбекстандын Анжиян облусундагы толкундоодон кийин качып келген өзбек атуулдарын кабыл алып, аларга тамак-аш жана жай берген Кыргызстандын бийлиги бардык мактоо менен алкыштарга татыктуу. Мындай билдирүүнү 20-майда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Анда кыргыз өкмөтүнүн Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы менен иштешүүгө даяр экендигин дароо билдирип, качып келгендердин Тешикташ деген жердеги лагерин башкы комиссардын жоопкерчилигине бергени зор ыраазылыкты пайда кылгандыгы белгиленген. Элчилик андан тышкары башкы комиссар менен мындан ары да кызматташууга кыргыз бийлигин чакырган.

XS
SM
MD
LG