Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНА КАРАТА ЖАЛАЛАБАТТЫКТАРДЫН ПИКИРЛЕРИ АР КЫЛ


Жалалабат облусунун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында 14-майдан бери баш калкалап турган өзбекстандык жарандардын тагдырына жергиликтүү уюмдар менен адамдардын пикирлери кандай? Облустун жетекчилиги аларга саясий баш калка берилбей турганын айтса, башкалар өлүмдөн араң качып кутулган өзбек атуулдарын адам укугу кордолгон Өзбекстанга кайра өткөрүп бербөөнү жакташат. Аймактагы бейөкмөт уюмдар кыргыз өкмөтүнөн качкындарга бардык шарттарды түзүп берүүнү талап кылышууда.

Кыргыз аймагында убактылуу турган өзбекстандык жарандар утурумдук президент Курманбек Бакиевге саясий баш калка берүү жана жашоого ылайык шарттарды түзүүнү өтүнүшкөн. Алардын өкүлү, Анжияндан үй-бүлөсү менен качып келген Нурулло Максудов кыргыз өкмөтү баш баанек берээрине ишенет:

- Биз баш баанек сурап келдик. Бизге баш баанек берет деген ишеничибиз бар.

Качкындар турган Сузак районунун ардагери Абдулла Кошойкановдун пикирине караганда, бир миллионго жакын кыргыз жарандары Орусия менен Казакстанда жүргөндө, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов элин аттырбай, кечирим сурап, өз элин өлкөсүнө алып кетүүсү зарыл:

- Булар өзүнүн эл-журтун таштабастан, кайра өз элине кетиши керек. Биз өзүбүздүн 5 миллионго жетпеген элибизди бага албай жатканыбызда, буларды багууга кудуретибиз жетпейт. Өзүнүн элинде жүрсүн. Биздин элибиз Өзбекстанга барса Каримов бир күн тургузбастан качан эле айдап жиберет болчу. Өзү келип эли менен сүйлөшүп, элин алып кетиши керек.

Бөдөн кызы Урунун сунушуна караганда, азыркы бийликтин беделин кетирбөө үчүн качкындарга баш калка берген жакшы. Алар күч менен чыгарыла турган болсо, ортодо абал курчуйт:

- Бизге качып келген 540 адамдан деле бир Хизбут тахрирчи көргөн жокпуз. Булар баш калкалоо сурап атышат. Биздин өкмөткө, президенттин милдетин аткаруучуга кайрылуу жасашты. Мен ошого кошулаар элем. Анткени бизге окшогон көтөрүлүш жасап, өздөрүнүн укугун коргогон адамдарга баш калкалоо беришибиз керек. Бийликтин бедели түшпөс үчүн, демократиялык элдин укугун коргогон мамлекет болгондугубуз үчүн күч менен кетирсе, биздин да бийликтин бедели түшөт, Өзбекстан менен карым-катнашыбыз да курчуп кетет. Мамыр-жумур болуп эле бири-бирибизге жардам бергенибизден жакшы нерсе жок.

Жалалабатта жашаган тажикстандык качкын Абдулхашим Эрматов жогорку ойго карама-каршы пикирин мындай негиздер менен түшүндүрдү:

- Биз Өзбекстандан келген качкындардын бирине эле баш баанек берсек, анда бизге жүз миңдеген өзбектер келип калышы мүмкүн. Себеби Алабукада жашаган элдердин көпчүлүгү кыргыздар жана өзбектер. Ошондуктан бардыгы тынбастан келип, бизде качкындар көбөйүп кетиши мүмкүн.

Бул маселеде облус жетекчиси Жусупжан Жээнбековдун ою төмөнкүдөй:

- Биринчиден, биз Кыргызстан баш баанек бере албайбыз. Экинчиден, бул Өзбекстандын өзүнүн ички саясаты.

Облустагы адам укугун коргоочу жана коомдук 16 уюм жетекчилери жыйынында кыргыз өкмөтүнө качкындарга шарт түзүү, аларды Өзбекстанга өткөрүп бербөө талабын коюшту:

- Кыргыз өкмөтүнөн талап кылабыз, Кыргызстанга качып өткөн өзбек жарандарын кайра Өзбекстанга өткөрүп бербеш керек. Өзбек өкмөтүнүн бейпил элине күч колдонуп, БУУнун отчетторунда, ошондой эле Эл аралык укук коргоочу уюмдардын отчетторунда бир канча жолу ырасталууда. Кыргыз-өзбек элинин келечектеги ынтымагын, достугун сактоо үчүн туура чечим кабыл алуусу керек - деди ал жөнүндө бейөкмөт уюм өкүлү Чолпон Эргешова.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG