Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

МОСКВАДАГЫ ӨЗБЕКСТАНДЫКТАР КАРИМОВДУН БИЙЛИКТЕН КЕТИШИН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Ишембиде Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин имаратынын жанында президент ислам Каримовдун кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өттү. Анын уюштуруучулары Анжиян окуяларынын күч менен басылышына каршылык көрсөтүү максаты менен чыгышкандарын айтышты.

Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин имаратынын жанына түшкө маал 25ке жакын адам чогулуп, көчөдө өтүп бараткандардын көңүлүн өздөрүнө бура башташты.

«Каримовту сотко бериш керек!», «Элдин каны – диктатордун бийлигинин натыйжасы!», «Путин, Буш, силердин досуңар Каримов - адам өлтүргүч!», «Анжиян окуялары эларалык көзөмөлгө алынууга тийиш!», - мына ушундай маанайдагы плакаттарды кармап тургандар - өзбекстандыктар. Алардын арасында укук коргоочулар, саясатчылар, анан жөн гана түрдүү себептер менен мекенинен качууга мажбур болгондор бар.

Пикеттин максаты жөнүндө анын уюштуруучуларынын бири, «Эрк» партиясынын өкүлү Юлдаш Очилов буларды айтты:

- Өзбекстан президенти Ислам Каримов жөн гана кызматтан кетип эле калбастан, бүт жасаган кылмыштары үчүн сот алдында жоопко тартылышы керек. Ал миңдеген адамдардын канын төктү, миллиондогон өзбекстандыктарды жакырчылыкта калтырды. Ал бийликтен жөн кетпеши керек, аны сотко чакыруу зарыл.

Ал эми анын жанында турган дагы бир катышуучу бул жерге эмне үчүн келгенин мындай түшүндүрдү:

- Эл чыныгы, ачык шайлоону каалайт. Өзүнүн президентин тандоону самайт. Каримовду эч ким шайлаган эмес.

Пикеттин дагы бир катышуучусу, Кашкадарыя облусунун тургуну Махбуза Мавлокулова ушул таптагы өзбек бийлигинин негизги каталарынын бири катарында адам укуктарынын корголбой жатышын айтат:

- Мен өзү Кашкадарыя облусунан болом. Ал жерде биздин совхоздун башчысы мал-мүлкүбүздү, үй-жайыбызды тартып алган. Эмне кылаарды билбей, ички иштер органдарына, республикалык прокуратурага да кайрылдык. Эч кандай жыйынтык болбоду. Пикеттерди өткөрдүк. Бизде алардан да жыйынтык болбойт экен. Кийин туугандарыбыздын артынан текшерүү иштери башталды. Акыр аягында Москвага качып келгенге мажбур болдук. Эми бул жерде убактылуу жашап турабыз.

Бул жерге чогулгандар Анжиян окуялары жөнүндө ойлорун, алардын кандай багытта аяктаганына карата өз пикирлерин айтып жатышты. «Бирлик» партиясынын өкүлү Бахром Хамроев Анжиян окуялары учурунда Кыргызстандын аймагына качкындардын өтүшүн Каримов уюштурган деп эсептейт:

- Менимче, Кыргызстандын аймагына 10-15 миң өзбекстандык атуулдун өтүп кетиши бийлик тарабынан атайын даярдалган болушу мүмкүн. Мунун максаты – 10-июлда Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого тоскоолдук кылуу болсо керек.

Пикетке жалпысынан 25 ке жакын адам келди. Аларга эч кандай деле тоскоолдук көрсөтүлгөн жок. Болгону – элчиликтин имаратынын дарбазасынын жанында турган милиция кызматкерлеринин саны гана көбөйгөндөн көбөйүп жатты.

XS
SM
MD
LG