Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Өзбекстандагы түрмөдөн бошотулган эки бизнесмен Кыргызстанга качып кеткенге үлгүргөнү мааламдалды


Өзбекстандагы түрмөдөн бошотулган Шамсидин Атаманов менен Бурханиддин Нуридинов Кыргызстанга кирип кеткенге үлгүрүшкөн. Алар "Акрамия" исламдык тобунун мүчөлөрү, деген кинее менен башка 20 чакты бизнесмен менен кошо соттолуп, алардын соту жүрүп жаткан учурда Анжиянда нааразылык акцитялары башталган болучу. «Азаттыктын» Элмурад Жусубалиев деген кабарчысы менен болгон интервьюда ишкерлер алардын соттолушунун артында экономикалык себептер тургандыгын айтышкан. Ошону менен бирге эле алар түрмөнү басып алууну кимдер уюштурганынан кабары жок экенин баяндашкан. Нуриддинов менен Атаманов Өзбекстанда күтүп турган жазадан коркуп турушканын жана ошон үчүн Өзбекстанга кайтпастан, Кыргызстандан баш баана суроого ниеттенип жатышканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG