Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстандын чек арачылары Карасуудагы чек ара тилкесинде күзөттү күчөттү


Өлкөнүн чек ара кызматынын маалымдашынча, ишембиге караган түнү жарым миңдей өзбекстандык жарандар Карасуудан чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан. Анын аралыгында, бүгүн эртең менен Өзбекстандын Карасуу шаарында чек арадагы көпүрөнүн жанында өзбек жарандары митинг өткөрүп, мындан бир нече күн мурда камакка алынган лидерлер Дильмурад Палван менен Бактияр Рахимовду бошотууну талап кылышты. Жума күнү кечинде Өзбекстандын милициясы ушундай эле митингди кубалап таркаткан. Өзбекстандын Карасуу шаарынан Азаттыктын кабарчысы Гафур Юлдaшев буларды баяндайт:

- Кечээ башталган нааразылык акциясы бүгүн да улантылды. Митингчилер Рахимовдун жана дагы башка 7-8 кишинин бошотулушун талап кылышты.

XS
SM
MD
LG