Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

М. Чолпонбаев Кулов- Бакиев тандемине каршы


БИШКЕК. Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми Кыргызстандын бийлигин эки адамдын басып алышын билдирет. Мындай пикирин экс- спикер, “Мукар жана профи” юридикалык компаниясынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде, алар кол койгон меморандум эч кандай юридикалык жана моралдык күчкө ээ эмес. Бул эки чоң саясатчынын бириккени кандай окуяларга алып келээрин 16- майдагы окуя көрсөттү дейт Мукар Чолпонбаев. Эскерте кетели 16- майда жер басып алгандар менен милиция ортосунда кагылышуу болуп, 86 адам жарадар болуп, беш адам ооруканага түшкөн. Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, бул окуя менен азыркы бийлик элге күч колдоноорун көрсөттү.

XS
SM
MD
LG