Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

КДК шайлоо ыплас өтүшү ыктымал дейт


БИШКЕК. Кыргызстанда мамлекеттик казынага көз каранды мекемелерде Курманбек Бакиевге добуш бердиртиш үчүн басым жасоо күч алды. Мындай билдирүүнү жекшембиде Кыргызстан демократиялык кыймлынын лидери, президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев жасады. Анын пикиринде, Курманбек Бакиев башында турган бийлик президенттик шайлоону Акаевдин режиминдегидей ыплас технологиялар менен өткөргөнү жатат. Кыргызстан элдик кыймылынын шайлоо блогунун төргаа орун басары Виктор Черноморец мындай маалыматты жокко чыгарып, президенттик шайлоо адилет өтөт деген пикирин билдирди. Биринчи вице-премьер-министр Феликс Кулов “шайлоодо административдик куралдарды пайдаланбайбыз деп Курманбек Бакиев экөөбүз сүйлөшкөнбүз, саясий технологдордун божомолунда Бакиев 65- 70 пайыз добуш алат” деген пикирин 20 – майда билдирген.

XS
SM
MD
LG