Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Ирак: Румыниялык үч журналист аман-эсен бошотулду


Иракта эки ай мурда уурдалган румыниялык үч журналист жана алардын америкалык тилмечи бошотулду. Румыния президентинин өкүлү аман-соо жарандар азыр румын тараптын кароосунда экенин билдирди. Барымтачылар румыниялык 800 аскерди Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылып, болбосо үч журналист өлтүрүлөт деп коркутуп жатышкан.

Ирак бийликтери Саддам Хусейндин БААС партиясынын региондук бөлүмүнүн башчысы Газы Хаммуд Обейди саламаттыгына байланыштуу абактан бошотулганын кабарлады.

Багдадда Ирактын соода министрлигинин жооптуу кызматкери атып өлтүрүлдү. Бийликтердин маалымдашынча, Али Муса Салман жана анын айдоочусу жумушка баратышканда атып өлтүрүлдү. Кол салууда үч киши жарадар болду.

Өткөн түнү Багдаддан 180 чакырым түндүктөгү Байжи шаарчасында буктурмага кабылып, ирактын тандалма күчтөрүнүн беш жоокери курман болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG