Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39

ЕВРОВИДЕНИЕ – 2006 АФИНЫДА ӨТӨТ


Кечээ кечинде Европанын маданий турмушунда эки чоң окуя болду. Франциянын Канн шаарында кезектеги кино фестивалынын лауреаттары аталса, Киевте Евровидение ыр жарышы грециялык Элена Папарицуга баш байге алып келди.

Элена Папарицу 2001-жылы да Евровидениеге катышкан. Бирок анда 3-орунду ээлеген. Ишембиде болсо Швецияда туулуп өскөн ырчы 23 өлкөнүн өкүлдөрүн артта калтырып, оңой эле жеңип алды. Экинчи орунду “Angel” деген ыры менен мальталык ырчы Кьяра ээледи. Андан ары Румыния, Израиль жана Латвиянын өкүлдөрү жайгашты.

Украинанын президенти Виктор Ющенко баш байгеге кошумча Папарицуга атайын сыйлык тапшырып жатып мындай деди:

-"Алтын папаротник" бирдиктүү Европанын эң мыкты ырына ыйгарылат.

Папарицу былтыркы конкурстун жеңүүчүсү, украиналык ырчы Русланадан баш байгени алып жатып, “My Number One” деген ырды жазган авторлорго ыраазылыгын билдирди:

-Руслана өз жеңиши менен башка ырчыларга да салттуу элдик музыканы пайдаланууга дем берди. Кристос Дантис менен Наталия Гурману абдан модерн ошол эле мезгилде салттуу грек ырын жаратышты.

Финалдык жарышты болжолу менен 120 миллионго жакын киши көрдү.
Киевтин Эгемендүүлүк аянтында чогулган эл конкурсту чоң экрандардан көрүп турушту. Афиныда болсо былтыр гректер футбол боюнча Европа чемпионатын жеңгенде болгон майрам өткөн түнү да кайталанды.

Жарыштын тарыхына учкай кайрыла кетсек. Ал 1955-жылы башталып, идеясы Италиянын Са-Ремо фестивалынан алынган. Алгачкы жарыш Швейцариянын Лугано шаарында өткөрүлүп, ал британиялык журналисттин сунушу менен “Евровидение Гран При” деп аталган. 1956-жылкы конкурска 7 өлкө катышкан. Ал кездери конкурстун шарттары да башкача болчу. Маселен, ар бир ырчы каалаган тилинде 2ден чыгарма сунуш этчү. Бирок алардын узундугу 3 жарым мүнөттөн ашпашы керек деген шарт коюлчу.

Жарышка ар кайсы жылдары Серж Гинзбург, Нана Мускури, АББА, Клифф Ричард, Тото Кутуньо өңдүү жылдыздар катышкан.

Ирландия 3 жыл катары менен баш байгени утуп, абсолюттук чемпион бойдон кала берүүдө. Дагы бир кызыктуу факт, 4 жолу катары менен, 2002-жылдан бери жарышты аял-ырчылар утуп келатат.

Мурдагы советтик жумурияттар фестивалга катыша баштагандан бери алардын үчөө баш байгени алууга жетишти. 2001-жылы Эстония уткан, бир жылдан кийин сыйлык латвиялык Мария Н деген ырчынын жеңишинен кийин Балтикада кала берди. Былтыр болсо, өзүңөр билгендей, Украина жеңген.
XS
SM
MD
LG