Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Өзбекстандан ооп келгендердин 36сы кыргызстандыктар экендиги аныкталды


БИШКЕК. Чектеш райондор аркылуу Кыргызстанга өткөн өзбекстандык 86 жаран чегараны бузуучу катары Өзбекстан тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өлкөнүн чегара кызмат төрага орун басары Абсабир Эрежепов билдирди. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун билдиргенине караганда, Анжиян окуясына байланыштуу Кыргызстан аймагына ооп келген 530 өзбекстандыктын 36сы Кыргызстандык жаран экендиги аныкталды. Алардын 8и балдар жана аялдар. Бул жарандардын ичинен экөө утурумдук кармоочу жайга отургузулду. 26сы Ош облусуна жөнөтүлдү. Ал эми Абсабир Эрежепов Сузак районунун аймагында жайгаштырылган өзбекстандыктарда качкын деген макам жок болгондуктан, алар али чегараны бузгандар катары саналат.

XS
SM
MD
LG