Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Кыргызстан Өзбекстандын нотасына жооп берди


БИШКЕК. Анжиян облусунан Кыргызстан аймагына тышкы күчтөргө таандык деп саналган куралчандар киргендиги, чегарадан өткөн өзбек жарандарынан кыргызстандык тартип коргоочулар 73 курал тартып алгандыгы тууралуу имиштер далилденген жок. Бул тууралуу Кыргызстан тышкы иштер министрлиги Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин нотасына берген жообунда айтылат. 23-майда жолдонгон бул нотада ошондой эле Кыргызстан Анжиян окуясына тынчсызданып жаткандыгын, жагдайга байланыштуу Кыргызстан аймагына ооп келип, убактылуу жайгашып турган өзбекстандык жарандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын белгилеген. Ошондой эле нотада белгиленгенге караганда, чегараны кыргыз тарап дээрлик бир жактуу кайтарган жана азыр дагы чегараны бекемдөөчү бардык чараларды тынымсыз көрүүдө. Мындан тышкары нотада Сузак районунда убактылуу жайгашкан өзбекстандык жарандарга байланышкан маселелерди чектеш райондордо тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүү сунушталды.

Өзбекстан Кыргызстанга 19-майда нота жолдоп, анда Кыргызстанга чегараны бекемедебей жатат деген доомат койгон.

XS
SM
MD
LG