Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Анжиян окуясын көз карандысыз иликтөөгө чакырышат


Бүгүн Брюсселде чогулуп жатышкан министрлер 13-майдагы окуяларды кечиктирбестен, көз карандысыз иликтөөгө чакыруу даярдап жатышат:

- Өзбекстанда иштер биз ойлогондон жаман. Ошондуктан биз ал жакта эмне болуп жатканын тактап алганыбыз, кантип жардам бере алабыз, канткенде бардыкка бирдей туура болот, ушуларды тактап алганыбыз оң ,-деди Брюсселде журналисттер менен жолукканда Европа Шериктештигинин тышкы иштер жана коопсуздук маселелерине жооп берген баш өкүлү Хавиер Солана.

Жыйындын башталышында Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро мындай талап сөзсүз коюлаарын билдирди:

-Президент Ислам Каримовдун Анжиянда болгон өлтүрүүлөрдү сырттан иликтөөгө жол бербей коюшу бардык тараптардан айыпталат деп ишенем. Мындай иликтөө бардык тараптардын, анын ичинде өзбек өкмөтүнүн кызыкчылыгына жооп берет.

XS
SM
MD
LG