Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

КОНСТИТУЦИЯНЫ ЖАЗУУГА ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР КЕҢЕШ БЕРЕТ


23-майда Бишкектеги “Хаят” мейманканасында АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулган конференция өз ишин баштады. Ага эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып, Конституциялык реформа маселеси талкууланууда.

Конференция 24-майга чейин созулат. Анын учурунда башка өлкөлөрдөгү Конституциялардын үлгүлөрү, аны кабыл алуунун жолдору, аткаруу, сот жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын статустары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин Конституция боюнча абалы талкууга алынууда. Бул темалар боюнча кеп-кеңеш берүүгө Улуттук демократиялык институт тарабынан эл аралык эксперттер чакырылган.

Конференциянын алгачкы күнүндө Конституциянын үлгүлөрү, аны кабыл алуунун ыкмалары жана бийлик системасы боюнча талкуу болду. Бул темалар боюнча АКШдан келген эксперт Стэнли Бах жана Түштүк Африка Республикасынан чакырылган Кристина Мюррей айым сөз сүйлөп, андан кийин суроолорго жооп берди.

Конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза жолдоду:

-Бул тарыхый жана маанилүү учур. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Конституцияны ушундай жол менен кабыл алууга мүмкүнчүлүк алды. АКШ өкмөтү мындай шартта жардам берүүгө даяр.

Стивен Янг мындан сырткары Кыргызстанда буга чейин Конституцияны улам эле өзгөртүү туруктуулук алып келбегенин да белгиледи.

Эксперт Стэнли Бах АКШ, Британия жана Австралиянын бийлик системасы тууралуу маалымат берди. Ал эми Түштүк Африка Республикасынан келген эксперт Кристина Мюррей өз өлкөсүнүн Конституция кабыл алуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын айтымында, апартеидден кийин өлкө жаңы Конституция жазууга киришип, президенттик шайлоого чейин анын 34 принциптерин кабыл алган. Конституция долбоорун калк тарабынан талкуулоосу маанилүү дейт Кристина Мюррей:

- Конституциялык кеңешменин иши элдин көзөмөлүндө болууга тийиш. Эл мына ошол Конституцияны иштеп чыгууга катышкандай, көзөмөлдөп турганын сезгендей болууга тийиш. Биз Түштүк Африкада Конституция кабыл алаарда долбоор талкууга коюлуп, элден 2 миллион кат, сунуштар түшкөн. Биздин Конституцияны кабыл алууга баары катышкандай болду.

Конференцияда экс-президентке кол тийбестик маселеси да көтөрүлүп, АКШнын тажрыйбасы боюнча суроо берилди. Ага карата Стэнли Бах Америкада президенттердин эксине да, иштеп турганына да кол тийбестик берилбегенин айтып, мисал катары Билл Клинтонго каршы козголгон ишти келтирди.

Суроолор соңунда кыргызстандык эксперттер сөз сүйлөдү. Алымбек Биялинов өз сөзүндө Түштүк Африка Республикасынын тажрыйбасында Кыргызстан да президенттик шайлоого чейин Конституциялык принциптерди кабыл алып, андан кийин шашпай Конституцияны иштеп чыгуу максатка ылайыктуу экендигин айтты. Ал ошондой эле Кыргызстан үчүн президенттик-парламенттик башкаруу системасы ылайыктуулугун, бирок анда премьер-министрлик кызматты жоюу, аткаруу бийлигин президент башкаруусу максатка ылайыктуулугун белгиледи.

Жогорку Соттун судьясы Нажимидин Азимжанов Конституциялык кеңешменин иши жана анда адам укуктарына байланыштуу талаш-тартыштар тууралуу маалымат берсе, Клара Ажыбекова гендер маселесин көтөрдү. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова референдум жолу менен Конституцияны кабыл алуу жаманатты болуп калганы, 2003-жылкы Конституциялык реформа элди алдоо жолу менен өткөнү, президенттик бийликтин чексиздиги жана жоопкерчилиги жоктугу жөнүндө маселе көтөрдү. Талкуу уланууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG