Пикетке келип тургандар Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен Алтай крайынын Рубцовск шаарында 4 айга чукул убакыттан бери убактылуу кармоочу жайында акча топтоп алган деген кине менен кармалып отурган Бишкектин тургуну Динара Аманкожоеваны бошотуу талабы менен келишти. Пикетчилердин айтымында, ал күнөөсүз, бирөөлөрдүн туура эмес көрсөтмөлөрү боюнча кармалган:
- Биз Бишкек-Новокузнецк поезди менен кетип бараткан жерибизден Рубцовск станциясында гражданча кийинген беш адам чыгып эле, Динара деген сенсиңби деп, күчкө салып эле алып кетишти. Ошол бойдон аны камап коюшту. Аларга Аманжанова жана Иминова аттуулар Аманкожоева алардан акча алды деген көррсөтмө беришкен экен. Биро, алардын көрсөтмөлөрү негизсиз. Анткени, алар 10 декабрда поездде акча алган деп көрсөтмө беришсе, бул күнү Динара Аманкожоева поездге да түшкөн эмес. Бул тууралуу чек ара кызматтары да тастыкташты. Эми элчиликке кандайдыр бир көмөк көрсөтүлөбү деген үмүт менен келдик,- деди пикетке чыккан Нүргүл Абдиева.
Динара Аманкожоеванын жолдошу Турсун Байбеков да балдары менен пикетке келди:
- Менин жолдошум Динара Аманкожоева мына төрт айга жакындап калды, Рубцовск шаарынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Анын эч кандай күнөөсу жок. Эми биз Москвага бара албайт экенбиз, айла жок ушул жерге келдик.
Нааразылык чарага келгендер учурда Орусияда иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалы оор экенин да айтып турушту:
- Чындыгында Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын абал өтө оор. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда көп эле макулдашууларга кол коюлат, бирок алар иш жүзүндө бизге жардам бербейт. Мына мен өзүм иликтеп көгөнмүн, бир топ кыргыздар ал жакта киши колдуу болуп өлүшкөн. 5-6 алты жергиликтүү жигиттер өлтүргөн. Бирок алардын бири да жазага тартылган жок. Ал эми Динарага окшоп, бейкүнөө камакка алынган кыргыздардын да саны көп ,-деди 10 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн Койчуман Момункулов.
Оруcиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Владимир Баленко пикетчилердин талаптарына мындай жооп узатты:
- Бул маселе чындыгында эле чечилбей жатса, элчилик чечим кабыл алат. Анын үстүнө бул маселе кылмыш ишин козгоого, Кыргызстандын атуулу Орусияда оор абалда тургандыгына байланыштуу болсо, албетте, элчилик кандайдыр бир кадамдарды жасайт
Бир катар бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын жаңы өкмөтү чет өлкөлөрдө жашап иштеп жүргөн кыргыз атуулдарынын абалына көңүл бурат деген ишеничтерин билдиришүүдө. Бул жөнүңдө «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын пикири төмөнкүчө:
- Эми азыр жумушсуздуктан миңдеген кыргыздар чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Алардын абалы чынында оор.Жаңы өкмөт алардын абалына кызыгып, жардам көрсөтөбү деген үмүттөбүз.
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция Департаментинен 24-майда алынган маалыматка караганда, учурда Орусиянын аймагында 250 миңге жакын кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Алардын ичнен 8 миңге жакыны гана расмий түрдө катталып, жумушка орношкон.