Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

25-майда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 25-майда Ысыккөл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, калган облустардын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен шамал жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22 градус жылуу.
Ош, Жалалабат, Баткен облустары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +9...+14 ал эми күндүз +20...+25 градус жылуу болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18 градус.
Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн +5...+10 градус, күндүз +16...+21.
Бишкекте ала булут каптап, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +20...+22 градус.
Күндүн узактыгы 14 саат 58 мүнөт.

Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG