Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Нарын облусунда айрым жаныбар менен өсүмдүктөр жоголушу мүмкүн


НАРЫН. Мындай тынчсыздануу жаратылышты коргоо жана сактоо багытындагы мекеме, уюмдардын 24-майда Нарын шаарында өткөн биргелешкен тегерек үстөл жыйынында айтылды. “Каратал жапырык” мамлекеттик коругунун деректири Асанбай Кырчобаев коруктар илимий иш жүргүзүүнү чама-чаркка жараша гана жүргүзүп жаткандыгын, бирок Кызыл китепке кирген өзгөчө маанидеги жан-жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап калуу коркунучу пайда болгондугун билдирди. Маселен, Соңкөл, Чатыркөлдө гүлдөөчү дүйнөлүк Кызыл китепке киргизилген жоогазын үчүн жагымдуу шарттар түзүлбөй келет. Анткени, Соңкөлдө балык кармагандар тыйылбай жатса, Чатыркөл коруктун тутумунда эмес же Айыл чарба министрлигине толук өтпөй арабөк акыбалда эч көзөмөлсүз калган. Облустук биоар түрдүүлүктү сактоо башкармасынын акиминин орунбасары Сагынаалы Боогачиев ушул жылдын биринчи кварталында Соңкөлдүн 527 кг. балыгы кармалгандыгын маалымдады. Жыйын катышуучулары жан-жаныбар менен өсүмдүктөрдү коргоо үчүн мамлекет тарабынан каражат берүү маселеси чечилбесе жаратылышта жаңы коркунучтар келип чыгат деген бүтүмгө келишти.

XS
SM
MD
LG