Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Өзбекстан Ош менен Жалалабаддын ортосундагы чек ара, бажы бекеттерин ачты


ЖАЛАЛАБАТ. Кыргызстандын түштүк аймактарын байланыштырган бул жол мындан үч жыл мурда Өзбекстандын демилгеси менен жабылган. Жалалабаттан Ош шаарына каттаган жолдун Өзбекстандын Ханабат шаарынан Карасуу шаарына чейин жабылышы элдин нааразылыгын туудуруп, Ош менен жалалабаттыктар Өзгөн шаары аркылуу каттоого же 110 чакырымдын ордуна 150 чакырым жол жүрүүгө мажбур болушкан. Турмуш оордугунан Карасуу базарынан буюм-тайым ташып соода кылган адамдар өзбек кызматтарынын текшерүүлөрүнөн тажашкан. Эки облустун ортосундагы Бегабат жана Ынтымак бажы чегара постторунун ачылыш аземине облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков жана Өзбекстандын Анжиян облустук бийлик өкүлдөрү катышты. Алар өз сөздөрүндө эки республиканын ортосундагы жасалма тосмолор коңшу элдердин өнүгүүсүнө, адам укуктарынын сакталышына кескин таасирин тийгизип келгендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG