Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Кулов-Бакиев тандеми бекемби?


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Социнформбюро» аттуу социологиялык кызмат «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен премьер-министр Курманбек Бакиевдин өз ара макулдашуу түзүүсү боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүздү. 17-19-май күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого 1000 адам катышкан. Алардын 43,2 пайызы Куловдун президенттикке талапкерликтен баш тартышын колдой тургандыгын билдиришип, аны Куловдун жеке кызыкчылыгынан мамлекеттин келечегин жогору койгондугу деп баалашкан. Суралгандардын 39 пайызы президент болууга татыктуу деп Куловду, 20,4 пайызы Бакиевди эсептешээрин билдиришкен. Ал эми экөөнүн макулдашуусу Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калат деп суралгандардын 54 пайызы, саясий туруктуулукту бекемдейт деп 51,9 пайызы ишенээрин билдирген. Бирок жооп бергендердин 13,9 пайызы Кулов менен Бакиевдин бирге иштей алаарына күмөн санашаарын, 10,7 пайызы такыр ишенбей тургандыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG