Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

БШК милдетин аткаруучулардын тагдырын чечет


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотуу өтүнүчү менен Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Аскарбек Салымбековго кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 24-мартта билдирди. “Эгерде алар өз тагдырын өздөрү чечпесе Борбордук шайлоо комиссиясы өз токтому менен алардын депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотууга аргасыз болот”,- деп белгиледи Абдраимов. Бирок мыйзамда милдетин аткаруучу болуп канча мөөнөткө турары так жазылган эмес. Ошол биздин колду байлап жатат, дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы.

XS
SM
MD
LG