Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

ЕВРАЗИЯ ШЕРИКТЕШТИГИНДЕ КАТТООНУН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕСИ КИРГИЗИЛДИ


Төрөкул Дооров, Москва 24-майдан тарта Евразиялык экономикалык кызматташтык (ЕврАзЭс) уюмуна мүчө мамлекеттер ортосунда каттоонун жаңы эрежеси күчүнө кирди. Ага ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин атуулдары ич ара каттамдарда паспортунда чет мамлекетке чыгууга уруксат берген барагы, кызматтык паспорту, дипломатиялык паспорт же өз мекенине кайтуу тууралуу күбөлүгү болсо гана чыга алышат. Бул уюмга Кыргызстан да мүчө.

ЕврАзЭске мүчө мамлекеттер ортосунда жаңы эрежелер киргизилет деген кабар былтыртан бери эле белгилүү болуп келген. Кийинчерээк, ушул жылдын 24-мартында, эки айдан кийин, бул режим толук ишке кире тургандыгы кабарланды.

Жаңы эреже эмнени түшүндүрөт?

Мисалы, буга чейин Евразиялык Экономикалык Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин атуулдары визасыз же паспортунда чет мамлекетке чыгуучу барагы жок эле ич ара бири-бирине каттап жүрүшкөн болсо, мындан ары бул эреже токтотулат. Анын ордуна чет өлкөгө чыгууга укук берчү паспорт, дипломатиялык , кызматтык паcпорттор же өз өлкөсүнө кайтуу тууралуу күбөлүк аркылуу гана жүрүүгө мүмкүн болуп калат.

ЕврАзЭске Орусия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мүчө. Белгилүү болгондой, кыргызстандык эмгек мигранттарынын көпчүлүк бөлүгү Орусияда жана Казакстанда жүрүшөт. Андан сырткары, Кыргызстандан Орусияга жумуш издеп жөнөгөн адамдардын саны күн сайын өсүүдө. Алар эми шейшембиден тарта паспортунда чет өлкөгө чыгууга уруксат берчү барагы болбосо, Орусияга кире албай калышат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Аскарбек Бешимов Орусияга ушул күнгө чейин келип калган мигранттар паспортунда мындай күбөлүгү болбосо, аны Москвада жасата алаарын мындайча билдирди:

- Ушул тапта Москвада жүргөн мигранттар Кыргызстанга кетүү үчүн бизден күбөлүк алуулары керек. Ал эми паспортунда чет мамлекетке чыгууга укук берүүчү барагы жоктор да бизге кайрылышса болот. Аларга эки күндүн ичинде паспортуна ал күбөлүктү тиркеп беребиз.

Деген менен 24-майдан тарта киргизилип жаткан эреже ЕврАзЭске мүчө бардык эле мамлекеттерге таркалбайт. Анткени Орусия менен Беларус республикасы, жана Орусия менен Казакстан ортосунда өзгөчө келишимдер бар. Алардын негизинде, бул мамлекеттердин атуулдары ич ара карым-катнашта илгеркидей эле эркин жүрө беришет.Бул жогоруда аталган документтердин катарына жалпы атуулдук паспорт да кирет дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG