Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Казак-Азербайжан президенттери жолугушту


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эки күндүк иш сапары менен Азербайжанга келди. Шаршемби күнү ал Каспий жана Жер ортолук деңиздердин мунай булактарын байланыштыруучу Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун ачылышына катышат. Бүгүн Назарбаев Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуп, достук кызматташтык, маңзаттарга жана терроризмге каршы күрөшүү, туризмди өнүктүрүү боюнча кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюшту. Ошондой эле Назарбаев Бакуда өткөн маалымат жыйынында эми Баку-Актау-Тбилиси-Жейхан кууру деп айтууга болот деп билдирди. Актау-Каспий деңизинин Казакстан тарабында жайгашкан порт шаар.

XS
SM
MD
LG