Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

НАТО Өзбекстандагы окуя боюнча билдирүү таратты


НАТО расмий Ташкендин Анжиян окуяларына эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө каршы болуп койгондугу үчүн катуу кооптонгондугун билдирди. НАТО нун кыска билдирүүсүндө куралды туура эмес, бейчеки колдонгондугу үчүн Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү айыпталган. Өзбекстан НАТО нун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын мүчөсү болгондуктан көз карандысыздыкты, адам укуктарын жана фундаменталдык баалуулуктарды сактоо боюнча өз милдеттерин толук аткарууга милдеттүү.
Ошондой эле БУУ нун качкындар комиссариаты да бүгүн Кыргызстанда бозгунчулукта жүрүшкөн 400 дөн ашуун өзбек атуулдарынын турмушу жана алар жайгашкан лагерлердеги санитардык абал тууралуу тынчсыздангандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG